
Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү «Акылман» президенттик лицейин курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, бул максатта 265 миллион 24 700 сом каралган.
Тендердик арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми 2026-жылдын 31-августтунда аяктайт
Буга чейин аткаминерлер билим берүү мекемесинин келечектеги дизайнын айтып беришкен.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысынын демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Акылман» президенттик лицейи 2023-жылы ачылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнө жеңилдиктерди берген мыйзамга кол коюлган.