19:05
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинен чыгарылды

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинен чыгарылды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш (UWW) дүйнөлүк рейтингинен чыгарылды. Бул тууралуу Хорватияда 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн жаңыланган тизме жарыялангандан кийин белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Париж Олимпиадасында кыргызстандык коло медаль тагынгандан кийин ал күрөштөн биротоло кетээрин билдирген. Андан кийин ал Кыргыз күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында эле UWW спортчулар комиссиясына мүчө болгон.

2024-жылдын аягында Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнөнүн үчүнчү орунду ээлеген. Апрель айында Азия чемпионатынан кийин бешинчи орунга, июнда жетинчи орунга, Хорватияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан кийин тизмеден толугу менен чыгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
2-октябрь, бейшемби